Тажикстандын атайын кызматы Лейлек районунун 26 жаштагы тургунун кармап кетти. Бул туурасында Мамлекеттик чек ара кызматы тарабынан маалым болду.
Мекеменин билдирүүсүнө ылайык, Уразбек Мирзоев чек арадан мыйзамсыз өтүүгө аракет кылган деп кармалган. Ал транзиттик маршруттук такси менен тажик тарапка бара жаткан.
"26-сентябрда Уразбек Мирзоев коңшу өлкөгө жубайы менен конокко бара жаткан. Анын жубайын кармашкан эмес.
Бүгүн, 27-сентябрда Баткен жана Согдий облустарынын чек ара өкүлдөрүнүн жолугушуусу мерчемделди. Анда Кыргыз жаранынын кармалышы, аны өлкөгө кайтаруу маселеси каралат", - дешти мекемеден.