Инвестициялар министри Алмамбет Шыкмаматов шайлоого катышуу үчүн кызматынан отставкага кетти

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 27-сентябрда өлкөнүн инвестициялар министри Алмамбет Шыкмаматовду кабыл алды. Бул тууралуу президенттик администрациянын басма сөз кызматы билдирди.
Мамлекет башчысы министрлик ишинин жыйынтыгынын жана Кыргызстандын экономикасына чет элдик капиталдык салымдардын агымын көбөйтүү жана инвестициялык жагымдуулугун жакшыртуу боюнча көрүлгөн чаралар тууралуу алдын ала маалыматын укту.
Алсак, 2021-жылдын биринчи жарымында чет элдик түз инвестициялардын агымы 95,4 пайызга көбөйгөн. Учурда илгерилетүүдө 323, 5 миллион доллар суммасындагы 5 долбоор турат.
2021-жылы жалпы суммасы 75 миллион долларлык эки долбоор ишке кирген. Министрлик тарабынан соода-өнөр жай палатасын реформалоо боюнча иш жүрүп, инвестициялар жөнүндө мыйзамдын жаңы редакциясы иштелип, Кыргыз-өзбек жана Кыргыз-венгер өнүктүрүү фонддору ишке киргизилип жатканы жана башкалар белгиленди.
Аны менен бирге, Алмамбет Шыкмаматов алдыдагы Жогорку Кеңешке шайлоого катышуу каалоосун айтып, буга байланыштуу инвестициялар министри ээлеген кызматынан отставкага кетүү жөнүндө арыз жазуу ниетин билдирди.
Мамлекет башчысы Алмамбет Шыкмаматовдун отставкасын кабыл алууга даяр экенин билдирип, анын аткарган иштери үчүн ыраазычылык билдирди.
Ошондой эле президент Садыр Жапаровдун Жарлыгына ылайык инвестициялар министри Алмамбет Шыкмаматовго "Мамлекеттик жарандык кызматтын 3-класстагы мамлекеттик кеңешчиси" класстык чини ыйгарылды.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Dembele84
2021-09-27 20:03:26
Бул иштери да чала боюнча калыптыр да,мындай кылдым андай кылдым дегени менен ошол инвестиция жарым жолдо калды.Аягында кийинки министр дагы мен билбейм деп чыгат
+1
VENOM
2021-09-27 22:02:39
Ушундай чакелер эртерээк кетишсе болбойт беле пенсияга бир креслону айланып эле жүрө беришет экен да
0
AdylbekB84
2021-09-28 01:46:19
Ушундайлардын айынан мамлекет өнүкпөйт баштаган ишин жарым жолго ташап кете беришет, жаңы жетекчи келип аны үйрөнгүчө жок эле дегенде 3 ай өтүп кетет!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан