Бүгүн, 28-сентябрга карата COVID-19 жана пневмония илдети дагы 58 жарандан аныкталды. Акыркы суткада Талас, Жалал-Абад, Баткен облустарында ооруну жуктуруп алгандар катталган жок.
Бишкек - 30;
Ош шаары - 1;
Чүй облусу – 14;
Ош облусу – 2;
Нарын облусу - 1;
Ысык-Көл облусу – 10 .
Коронавирус илдети Кыргыз өлкөсүндө катталган күндөн тарта жалпы 178 миң 375 адам жабыркады.
Ал эми бир сутка ичинде айыгып чыккандардын саны 93кө жогорулады. Муну менен айыккандардын жалпы саны 173 миң 5 болду.