Кытайдан чыккан коронавирус дүйнөнүн туш тарабына кулачын жайууда. Дүйнө элин дүрбөткөн бул кырдаалда бир канча мамлекет коронавируска каршы күрөшүүгө вакцина иштеп чыгуу менен алектенүүдө. Бул тууралуу Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун эксперти Мария ван Керхоув билдирди.
Акыркы маалыматтарга ылайык, коронавирустан дүйнө жүзү боюнча 244 миңден ашуун адам жабыркап жатат. Алардын ичинен 11 миңден ашуун адам каза болду. Бул сан күн санап өсүү коркунучунда турат. Мындан улам бир канча өлкөнүн илим изилдөө борборлору вируска каршы вакцина чыгарууга бардык күч аракетин жумшап жаткан кези. Бүгүнкү күндө COVID-19 инфекциясына каршы 20га жакын вакцина иштелип жатат. Ал вакциналар клиникалык текшерүүгө алынмакчы. Ошону менен катар эле вакцина иштеп чыгууда бардык коопсуздук чаралары эске алынуусу зарыл экендиги айтылат. "Вакцинаны дүйнө эли колдонот, андыктан аны иштеп чыгууда бардык коопсуздук эрежелери менен анын эффективдүүлүгүн сөзсүз эске алуу зарыл", - деп билдирген ал өз билдирүүсүндө.