Бишкекте Чыңгыз Айтматовдун эстелигинин алдында тарыхый эстеликтерди даңазалоо максатында орнотулган QR-коддордун салтанаттуу ачылышы өттү. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Аталган саамалыкка маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев, “Эсте” коомдук фондунун президенти Айбек Кыштобаев жана Чыңгыз Айтматовдун уулу Элдар Айтматов катышкан.
Бүткүл дүйнөгө жана жарандарыбызга алдыңкы технологиялар аркылуу өлкөбүздүн маданий мурасы тууралуу көбүрөөк билүүгө мүмкүнчүлүк түзүү максатын көздөгөн “Эсте” коомдук фонду бул долбоорду үзгүлтүксүз улантуу ниети бар экендигин белгиледи.
"Este.kg эстеликтер, кайталангыс архитектуралык курулуштар жана социалдык маанилүү объектилер жөнүндө керектүү маалыматты тез жана оңой табууга жардам берет. Болгону телефонуңузду объектиде жайгашкан QR кодуна жакындатып, сканерлесеңиз жетиштүү. Маалымат кыргыз, орус жана англис тилдеринде жүктөлгөн", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.