Биз социалдык тармакта

Ити тиштеп, эки колу кесилген бейтаптын бүгүнкү күнгө карата абалы

Бишкекте ити тиштеп эки колу кесилген бейтаптын бүгүнкү күнгө карата абалы туруктуу. Бул туурасында Бишкектеги травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунун маалымат кызматы тарабынан маалым болду.

Белгилүү болгондой, бейтап 15-сентябрда "Тез жардам" кызматы аркылуу ооруканага кайрылган.

"Бейтап эки билеги, санынын бир канча жери тиштелген, тарамыштары, булчуңдары, кан тамырлары, нервдери жабыркаган абалда ооруканага келип түшкөн. Микрохирургдар анын эки колун тең кесүүнү чечишкен. Учурда бейтаптын жалпы абалы туруктуу, тиешелүү дарылануудан өтүп жатат", - дешти мекемеден.

Буга чейин Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен бейтапка өзүнүн ити кол салганын кабарлашкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Erlan_95
2021-09-29 08:44:41
Итти деле багып, тарбиялагыла
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан