"Ордуна келген адис түшүнүп иштеп баштоосуна кем дегенде жарым жыл кетет". Толкунбек Абдыгуловдун отставкасы боюнча экономист эмне дейт

Бүгүн, 28-сентябрь күнү массалык маалымат каражаттары Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгуловдун отставкага кеткендигин жазып чыгышты. Социалдык тармактарда бул нерсе өлкөдөгү экономикалык абалды мындан дагы сазга батырат деп кооптонгондор болууда. Бул кооптонуу жөндүүбү? Жана анын отставкага кетиши саясий оюндардын таасириненби? Бул боюнча SUPER.KG порталы экономисттердин пикирин угуп көрүүнү туура көрдү. Экономика боюнча эксперт Кайрат Итибаев төмөнкүлөрдү билдирди.

"Менин оюм боюнча биринчиден бул абдан суук кабар, анткени англис тилинде эркин сүйлөгөн, билими жетиштүү компетенттүү кадрдан айрылып жатабыз. Бул албетте бизди кооптондуруп жатат. Себеби өзүнүн ишин жакшы билген, адискөй саналуу гана кадрлар калды. Экинчиден ордуна кандай адис келет, түшүнүп иштеп баштоосуна кем дегенде жарым жыл кетет. Постпандемиялык кымбатчылык болуп жаткан азыркы күндө инфляцияны кармап тура алгандай адис келеби деген бүдөмүк суроолор жаралбай койбойт.

Үчүнчүдөн азыркы күндө жалпы саясий багыт ушундай кабыл алынды - популисттердин заманы. Саясатчылар саясатташтырып ар бир процесске кийлигишип мына мыйзам бузууларга чейин барган амалдарды көрүп жатабыз. Мисалы, ошол эле парламенттин ичинде сөздөр болуп жатат Улуттук банкты текшериш керек, караш керек, эмнеге мындай кылып жатат, эмнеге мынча акча алып жатат? Бул эми мындай чабуулдар акыркы эки-үч жылда болуп келген. Тилекке каршы, турболенттүү саясий системада мындай опурталдуу, популисттик кайрылуулар ушундай көз карандысыз каржы институтуна кол салуу албетте негативдүү кедергисин тийгизет.

Төрага алмашкандан кийин ичинде кадрдык ротация жүрөт, депутаттар өздөрү топ-топ бөлүнүшүп өзүнүн кызыкчылыктарын өзүнүн кишилери аркылуу кылганга аракетин көрөт бул айдан ачык көрүнүп турган нерсе. Каржы монетардык системаны кандай жүргүзөт, инфляция, макроэкономикалык стабилдүүлүктү кандай кармайт ушул маселелер аябай орчундуу болуп калат. Улуттук банктын мыйзамынын 19-беренесинде жазылып турат өзүнүн уюшулган түзүүчү капитал деп коёт өзүнүн акчасына өзү табат, элдик бюджетке тиешеси жок. Ошол эле кезде эсеп палатасы ошол жакта иштеген адамдар көз салып биз ушуларды текшерсек, деп самап күткөн жери болуп жатат.

22-беренени карасак эч кандай мамлекеттик орган тийишип, ичине контроль кылып кийлигишкенге укугу жок. Бул көз карандысыз каржы институту мамлекеттин нерв системасы. Кыргыз өлкөсүнүн ичиндеги финансынын нерв системасы. Булар өздөрүнүн уставдык капиталы менен иш жүргүзөт. Ошон үчүн буларга жакшынакай акча төлөнөт. Эгерде башка коммерциялык банктарга салыштырмалуу акчасы азыраак болсо, анда ал көз каранды болуп да калат. Ошондуктан Жогорку Кеңеш аркылуу президенттин көрсөтмөсү менен бекитилген жогорку даражалуу жана адискөйлүктү талап кылган төраганын орду", - деп билдирди Итибаев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан