Бишкекте Ахунбаев көчөсүнүн бир бөлүгү бир күнгө убактылуу жабылат

Борбор калаадагы Ахунбаев көчөсүнүн Алыкулов жана Кырк-Кыз көчөлөрү менен кесилишкен аралыгы 29-30-сентябрь күндөрү жабылат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

"Ахунбаев-Ашар көчөлөрүнүн кесилишиндеги оңдоо иштерине байланыштуу Ахунбаев көчөсүнүн бир бөлүгү жабылат. Тагыраагы, 1,5 километр чакырым аралыкка асфальт бетон төшөлөт. Ал эми Гагарин, Өмүр жана Лущихин көчөлөрү альтернативдүү жолго айланат. Биз келтире турган ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайбыз жана маршрутуңузду алдын ала пландаштырууну суранабыз", - деп айтылат маалыматта.

Мэрия жолду оңдоо КЭРдин гранттык каражаттарынын эсебинен "Бишкек шаарынын көчө-жол тармагын өнүктүрүү" долбоорунун алкагында жүргүзүлүп жатканын кошумчалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан