"Жаан, кар, үшүк". Жакынкы күндөргө карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

Жакынкы күндөрү өлкө аймагында жаан жаап, үшүк жүрөт. Бул тууралуу Кыргызгидрометтен билдиришти.

Кыргызгидрометтин маалыматына ылайык, 2021-жылдын 1-4-октябрь күндөрү туруксуз аба ырайы күтүлөт. Өлкө аймагында мезгил-мезгили менен жаан, тоо этектеринде кар жаашы күтүлүүдө. 2-октябрда күндүз, 3-октябрда кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.

Айрым жерлерде шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге чейин жетиши мүмкүн.

Мындан тышкары 3-5-октябрь күндөрү түнкүсүн Чүй облусунун дыйканчылык аймактарында жана Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде 0…-2°, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында -2…-4° болуп, үшүк жүрүшү күтүлөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан