Өлкөдө сейил бактардын, кафе, ресторандардын көчөлөрдүн жана жарнактардын чырактары өчүрүлөт. Бул тууралуу "Улуттук энергетикалык холдинг" ишканасынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Ага ылайык, мындай чечим электр энергиясын сарамжалдуу пайдалануу максатында кабыл алынган.
"Мындай өчүрүүлөр Токтогул суу сактагычындагы суу ресурстарын натыйжалуу пайдалануу жана келе жаткан күз-кыш мезгилинде электр энергиясын үнөмдөө максатында", - деп бидиришти мекемеден.