Улуттук банктын төрагасы болуп шайланган Кубанычбек Бөкөнтаев 1969-жылы 18-январда Ысык-Көл облусунда төрөлгөн.
1992-жылы Кыргыз улуттук университетинин экономика факультетин бүтүргөн.
1992-жылдан тарта өлкөнүн коммерциялык банктарында экономист, директорлор кеңешинин төрагасынын милдетин аткаруучу;
2003-жылы "Экономика. Банки. Бизнес" гезитинин башкы редактору, башкы директору;
2006-2010-жылдары Улуттук банктын төрагасынын орун басары;
Белгилей кетсек, бүгүн, 29-сентябрда парламент Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгуловду кызматтан кетирүү токтомун кабыл алды.