Толкунбек Абдыгулов Эл аралык валюта фондуна Кыргыз өлкөсүнүн атынан кеңешчи болуп барат. Бул тууралуу ал Жогорку Кеңештин жыйынында айтты.
Анын айтымында, ал президенттин сунушу менен бул кызматка барат.
Бүгүн, 29-сентябрда парламент Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгуловду кызматтан кетирүү токтомун кабыл алды. Ал башка кызматка сунушталып жатканы үчүн төрагалыктан кетип жатканын айтты. Бирок кайсы кызмат экенин айткан эмес.