Ош шаарында окуучу кызды сүзүп кеткен айдоочу кармалды

Ош шаарында окуучу кызды сүзүп кеткен айдоочу кармалды. Бул тууралуу Ош ШИИБи боюнча милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 28-сентябрь күнү болжол менен саат 18:30дар чамасында Ош шаарындагы кафелердин биринин алдынан 8 жаштагы кыз батыштан чыгышты көздөй жөө адамдар өтүүчү өтмөктөн өтүп бара жаткан учурда Дэу-Матиз унаасы сүзүп, андан кийин Хонда-СРВ машинасын сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткен.

Кырсыктан улам кыз денесинен жаракат алып, Ош облустук балдар ооруканасына жеткирилген. 29-сентябрь күнү аталган унаанын айдоочусу 27 жаштагы А.Б. кармалган. Ал эми унаасы айып короого киргизилип, айдоочу Ош ШИИБинин тергөө кызматына өткөрүлүп берилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан