"Ата Мекен" партиясына эч ким кирбей жатат". Рита Карасартова менен Клара Сооронкулованын мессенжерде сүйлөшүүсү деген аудио тарады

Социалдык тармактарга укук коргоочу Рита Карасартова менен Клара Сооронкулованын Телеграм мессенжеринде сүйлөшүүсү делген аудио тарады. Анда Сооронкулова "Ата Мекен" партиясынын курамына шайлоого катышууга эч ким кирбей жатканын айткан.

Клара Сооронкулова: "Ата Мекендин" тизмесине эч ким кирбей жатат. Билбейм Текебаев эмне кылат. Эч ким жок".

Рита Карасартова: "Ошол эле Урмат салганын кайра туугандарым салган деп чыгарып кетти да. А биз акча салып да, эмне гана кылган жокпуз. Алар жаш болсо да бизге караганда терең ойлонуп, кайра акырын чыгарып алганга мүмкүнчүлүк түзүп туруп иштешет экен да".

Клара Сооронкулова: "Өткөндө Жанар учурдагы 5 депутат кирет деп жатпады беле. Каныбек Иманалиев бир мандаттуудан барам деп жатыптыр. Бахадыр (ред. Бахадыр Сулайманов) болсо операция болуп Германияда экен, элестет? Электораты барлар эч ким кирбесе анан. Ошон үчүн Өмүрбек Чиркешовичке бүгүн айттым бийликтин партиясы чыгып жатыптыр, шайлоо болбойт. Дагы деле баягы болот. Мындай шайлоого биз катышпайбыз деп эле биз катышпай койбойлубу десем ойлонуп калды".

Рита Карасартова: "Ооба, Садырят жана Ташиевдикилердин кыймылын легализация кылбай, жакшынакай кылып алып чыгып кетсек жакшы болмок. Оппозицияда ким калат? "Бүтүн Кыргызстан" барат, СДКлар барсын, көрсүн. Алар дагы чыгып кетсе аябай жакшы болот. Бүт оппозициянын баары чыгып кетсе аябай жакшы болмок".

Рита Карасартова менен Клара Сооронкулованын мессенжерде сүйлөшүүсү деген аудио тарады
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
Antiradikal3
2021-09-30 10:42:38
Биринчиден бул УКМКнын денгээли "колхоз" денгээлине тушконунон кабар берет. Послушка кылып телефондорун угуу, кайда барганын андуу, соц.тармактагы баракчаларын бузуу бул мыйзам боюнча кылмыш. Ошол кылмыштын башында Ташиев турат. Туштон кийин же соттон санкция алганбыз деп актанып чыгышат же биз эмес деп кутулушат. Бирок катардагы бирине жогорудагы экоонун эмне суйлошкону кызык да эмес, катардагы бири алардын соц.баракчасын буза да албайт. Бул иш УКМКнын иши.....
+6
Antiradikal3
2021-09-30 10:46:32
Экинчиден шайлоо былтыркы эле шайлоону кайталайт. Бираз озгоруулорду эске албаганда. Соке менен Раимдин "Биримдик", "Мекеним Кыргызстан" жана "Кыргызстан" партияларынын ордун Садыр менен Камчынын "Мекенчил Эл", "Ата-Журт Кыргызстан" жана "Ынтымак" партиялары ээлейт. Соке былтыры "Биримдик" партиясына тиешем жок деп актангандай, Садыр менен Камчы "Мекенчил Эл" менен "Ата-Журт Кыргызстан" партияларына тиешеби
+5
Antiradikal3
2021-09-30 11:00:54
Тиешебиз жок деп Кудайдан коркпой калп айтып отурушат.
+4
Antiradikal3
2021-09-30 10:50:20
Кудайдан коркпой калп айткан бири элден коркобу же элди ойлойбу? "Мекенчил эл" мурунку "Мекенчил". "Ата-Журт Кыргызстан" мурунку "Ата-Журт". Бул партиялар башында бул экоонун подставной адамдары отурушат. Чындап командовать эткендер кошого артында. Мисалы ошол эле Ташиев менен Жапаров, алардын бир туугандары, балдары, куйоо балдары, окул балдары, санаалаш достору. Баары кошого артынан бул партияны камчылайт. Административдие ресурс ушул партияларга иштейт.
+4
Antiradikal3
2021-09-30 10:54:06
Оппозиция..... Учурда бийликке каршы реалдуу оппозициянын озу жок. Мадумаровдун созу болгону менен саясатта салмагы жок. Жанылык деп анын партиясы шайлоодон отуп 3-5 мандат алышы мумкун. Бийлик былтыркыдай тополон болбосун деп ушул кадамга барышы мумкун. Бабановдун партиясы шайлоого катышкан кундо да ачык оппозиция боло албайт, Бабанов озу сот жоопкерчилигинен кутула албай Ташиев менен Жапаров эмне десе макул болбогонго айласы жок.
+4
Antiradikal3
2021-09-30 10:58:40
Бир эле Бабанов эмес, Бабановго окшогон кобу бийликке каршы оппозиция боло албайт. Анткени баарынын арты бок. Кааласа УКМК ар бирине кылмыш ишин ача алат. Ошол учун алар тынч отурганды абзел корот. Атамбаев, Текебаевдер, Батышчылдар бириксе балким 3-5 мандатка жетип калаар, шайлоо босогосунан минималдуу отуп... Болбосо былтыркыдай аз добуш алышат чачыранды болушса. Ыйман Нуру катышса динге кобуроок берилгендер колдоп, азырак мандатка да илешиши мумкун. 50/50 шансы.
+5
Mister-XXX
2021-09-30 12:35:13
Antiradikal3,Батышчылдардын бизге эмне кереги бар?Үч революцияга тен Текебаев баш болуп барган.Биз ушинтип башаламан өлкөдө жашай беребизби?Стабилдүүлүк керек да.Тынч жашасак гана өнүгүү болот.
-5
Antiradikal3
2021-09-30 13:28:06
Mister-XXX, Батышчылдарды же Бабановду, же Атамбаев, Текебаевди, же "Ыйман нурун", же Мадумаровду, же бийликтин партияларын колдогула деген жокмун.......

Болгону шайлоо боюнча коз караш, прогнозумду айтып оттум. Мен лично бычакка сап эч кимди корбой турамын... Эч бири Кыргызстанды ондооруна козум жетпейт...
+3
Antiradikal3
2021-09-30 13:30:55
Mister-XXX,
Ал эми стабилдуулук онугууго кепил боло албайт. Акаевдин башкаруусунда 3 же 5 жыл эмес, 15 жыл жашадык, эмне онугуп кеттик беле? Олко башына эли-журту учун чындап куйгон, олко жашоосун он жагына ондоого белсенген, создон ишке откон татыктуу инсандар келсе гана олко онугот.....

Ал эми сен колдогон Жапаров менен Ташиев 30 жыл олкону башкарган кундо да олко онолбойт. Алардын ким экени, дарамети, "кыйраткан" иштерин коруп эл тунулуп баштады дакансаларды кошпогондо.
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан