29-сентябрда "Улуттук энергетикалык холдинг" ишканасы өлкөдө сейил бактардын, кафе, ресторандардын көчөлөрдүн жана жарнактардын чырактары өчүрүлөрүн кабарлады. Мындай маалымат коомдо кызуу талкууга алынып, дээрлик көбү каршы пикирлерин айтышууда.
Энергетика жана өнөр-жай министрлигиндеги башкармалыктын башчысы Айбек Айдаралиев көчөлөрдөгү электр жарыгынын өчүрүлүшү боюнча түшүндүрмө берди.
"Көчөлөрдүн баары капкара болуп калбайт, электр жарыгы толук өчүрүлбөйт. Мисалы эки жагында тең прожекторлор коюлган көчөлөр бар. Ошонун бир тарабы гана өчүрүлөт, экинчи тараптагы прожекторлор деле жарык берип турат. Эки жактан тең жарык берип, жапжарык кылуунун эмне кажети бар. Имараттын сыртын кооздоп, өзүнө тартуу максатында коюлган түркүн жарык берүүчүлөрдү өчүрүп турсак... Туура түшүнсөк. Суу министрликтин эле байлыгы эмес. Бул жалпыбыздын байлыгыбыз. Бир эле сууну, электр жарыгын эмес, муктаждыктарыбызга пайдаланган нерселерди үнөмдөйлү", - дейт ал.