Өлкөдө эртеңден баштап пенсия көбөйтүлөт. Ага канча сом кошулду?

Бүгүн, 30-сентябрда 1-октябрда пенсиянын көбөйтүлүшү жана Социалдык фонддун 8 айынын жыйынтыгы боюнча маалымат жыйын өтүүдө. Ага Социалдык фонддун төрагасы Жаныбек Орозалиев жана жалпыга маалымдоо каражаттары менен иштөө бөлүмүнүн жетекчиси Жеңишбек Мукамбетов катышууда.

Жыйында пенсиянын канча сомго көбөйтүлгөнү боюнча маалыматтар айтылды.

"1-октябрдан тарта "Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Мыйзамга ылайык, дайындалган пенсиялардын базалык жана камсыздандыруу бөлүктөрү көбөйтүлдү.

Жалпы өлчөмү 4785 сом 4 тыйындан ашпаган пенсиялар үчүн 200 сомдон кем эмес жана жалпы өлчөмү 4785 сом 4 тыйынды түзгөн жана андан ашкан пенсиялар үчүн 500 сомдон кем эмес индексацияланды.

Пенсияларды кайра эсептөөнүн жыйынтыгы боюнча, орточо 455 сомго жогорулады, бул ар бир пенсионердин пенсиясынын өлчөмүнө жараша болот.

Пенсияларды көбөйтүү боюнча 984 миллион 900 миң сом кошумча каражат керектелет", - деп билдирди Орозалиев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (19)
Tasma2014
2021-09-30 11:28:53
Жыргатыпсынар аны кантип жеп туготушот Эми пенсионерлер Россия да омур бою мамлекет ке 1 тыйын пайда кнлтирбеген алкаш 3эсе коп алат пенсияны
+9
zhaynak
2021-09-30 11:38:55
Tasma2014, Шугур кылчы э наалыбай. Оюн барбы? Озун канча салык толоп жатасын мамлекетке? Менин да ата энем пенционерлер. Жарыбаган акча кошсо да, мандайы жарыла суйунушот. Шугур кыл э. Андай дебе
+1
Antiradikal3
2021-09-30 11:51:29
zhaynak, бир пенсия менен кун коргон пенсионерлер бар. Айрыкча славян улутундагылар. Пенсиясы эл катары жашоого жетпейт. Сен мамлекетке салык толобосон мугалим, врач ж.б. салык да, соц.толомдор да кармалып калат. Анан бир омур мамлекетке салык толоп келгендер сага окшоп мамлекетке бир тыйын толобогондорго салыштырмалуу пенсиясыны аз алыпкалып жатышат, коррупция, тууган-билиштиктин айынан.....
+9
zhaynak
2021-10-01 06:58:13
Antiradikal3,олконун бир четинде балдарга билим берип эмгектенем. Ай сайын салык толойм. Андан сырткары гектарлаган айдоо аянттарды иштетем, алардын салыгын да толойм. Просто наалыба. Акырындык менен онолот.
0
Tasma2014
2021-09-30 22:28:41
zhaynak,шугур айтам шугур деп жашап келгемин бирок пайдасы жок чиновниктер дин айлыгын азайтсын омур бойу жеп келген чиновниктер айына миллиард тапчу бизнеси бар адамдар алып жатат 100мин пенсиия алар албай койсо да болот продукту кымбаттыгы Россия дан да отуп кетти
+1
Tasma2014
2021-09-30 22:30:10
zhaynak, сен канча толойсун билбейм мен тооко чейин толоп эле жашап келем
+1
Antiradikal3
2021-09-30 11:44:31
Баракелде. Бийликте "колхоздор" отурса башка эмнени кутот элек? 1-2 жылда азык-тулук, дары-дармек, жол кире, коммуналдык толомдор, кийим-кече 50-100% кымбаттады. А булар пенсияны болгону 10% кобойтуптур. Ошондо да пенсия аз алганга аз, коп пенсия алганга коп кошуптур. "Акылдуу" да булар. Жакыр жакырлансын, бай байысын деген принцип иштептир.
+4
muslima-0788
2021-09-30 15:26:22
Antiradikal3,
Кечиресиз, + басмакмын - басылып калды.Туура айтасыз, кошулам созунузго.
+2
Antiradikal3
2021-09-30 11:47:37
Болбосо Отунбаевага окшогондор 90-100 мин сом пенсия алса толоп отурбай, олкодогу пенсилардын минималдуу колому 4000 сом, максималдуу колому 20000 сом деп мыйзам менен озгортсо болот го. Же долларга байласын, 50 доллардан 250 долларга чейин кылып. Пенсия алаарда доллардын сомго курсун алат, 50 доллар болсо 4230 сом алып. Эмнеси болсо да долларда инфляция томон, сомго салыштырмалуу.....
+4
stal.ks
2021-09-30 11:53:56
Аз алгандарга кобураак, коп алгандарга азыраак кошсонор болбойбу
+8
Antiradikal3
2021-09-30 11:55:55
stal.ks, ошого "колхоздордун" мээси жетмек беле?......
+3
Antiradikal3
2021-09-30 11:57:48
Акаев учурунда айлык-маяна, пенсия-пособиелер убагында толонбой кечиктирилип журуп, шайлоо болоор астында баары оз убагында берилип, пенсия-пособилердин коломун кобойтчу.

Бул бийлик да шайлоо астында элдин бар экенин эстеген корунот........
+2
nurbek56
2021-09-30 12:05:44
Графигин чыгаргыла да 50.мин 100.мин пенсия алгандарга канча кошулганын коройлу карапайым элдин пенсиясы 4-5мин эле ошону айта бербей кошуону 200.сом
+6
CAPATAH
2021-09-30 20:36:30
Чондор жмот,ошентсе да шайлоо алдындагы бийликтин кощоматы окшойт. Бирок мамлекеттин деле акыбалын тушунсо болот.
+1
Apyn8793
2021-10-01 02:51:21
Аида Касымалиева, Жанар Акаевдин кучуктору катуу иштеп атат мынтип элди бийликке кайрап. Булар АКШга иштешет. АКШнын ою мамлекетти жок кылуу. Берген 2000 $ га мамлекетти садага чаап.
-4
Antiradikal3
2021-10-01 09:35:34
Apyn8793, сендей дакансалар шефинерге окшоп баарынар "колхозсунар"! Бийликке сын айтса бир туруп мадумаровчу, бир туруп батышчыл деп чыга каласынар. Же Мадумаровду колдоп анын камчысын чапканыбызды кордунбу? Же Батыштан акча алып Батыштын идеологиясын жайылтканыбызды кордунбу?!

Чекеден сабатсыз, чекеден жалаа жабууга уста арсыз, намыссызсынар. Мамлекетти садага чаап жаткан бизби же сен колдогон бийликпи, суу сактагычтарды, жерди, сууну, кенди башкаларга берип, сатып жаткан
+1
Apyn8793
2021-10-01 11:01:43
Antiradikal3, сабатту, намыстуу болуп эмнени кыйраттынар? Силерге тобонорго уруп турган бийлик жагат экен. Олконун тынчтыгы силерге бир тыйын.
-2
Antiradikal3
2021-10-01 11:38:28
Apyn8793, биз ар куну адам болуп ойгонуп, намысыбыз, ыйманыбыз менен, адам болуп жашап жатканыбызга шугур кылабыз. Силерчесинен жугунду андып ага жагынып кошомат кылып, экинчисин мактап, учунчусуно куру жалаа жаппай элебиз...

Тынчтык? Кыргызстанда 30 жылдан бери тынч эле. Ага чейин да тынч болчу. Как будто Жапаров келип согуш токтоп эл тынч жашап калгансып жазыпсын..... Тобого ура турган бийлик келсе кочукко тебилип куула турган да кун бар ал бийликке.....
+1
Nursul
2021-10-02 20:45:00
Эми ушуну чыныгы муктаждар пенсияга чыккандар алса дейм да, себеп биздин өлкөдө оорулуу адамдар пенсия ала албай жүрүшөт а акча менен оорулуу болуп алып оорулуу муктаждардын акчасын алып жүргөндөр мындан көп.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан