Бүгүн, 30-сентябрда Бишкек шаарында №203 маршруттук таксинин айдоочусу эне-баланы коляскасы менен кичи автобуска салбай, күч колдонуп чыгарып салган. Аталган айдоочу иштен алынып, айып салынды. Ал эми айдоочу жалпы кыргыз элинен кечирим сурады.
"Мен Бектен Мамбеткулов, №203 кичи автобустун айдоочусумун. Бүгүнкү кылган одоно мамилем үчүн Бишкек шаарынын жашоочуларынан терең кайгыруу менен кечирим сурайм.
Ошондой эле карындашыма ачуулукка алдырып кылган кылыктарым үчүн кечирим сурайм. Мындан ары мындай иштер болбостугуна кепилдик берип, кыргыз элимден кечирим сурайм", - деп айткан айдоочу.