Биз социалдык тармакта

Кулактандыруу! 4-8-октябрда Боом капчыгайында таштарды түшүрүү жумуштары жүргүзүлөт

Бишкек-Нарын-Торугарт жолунун 131-чакырымында, тагыраагы, Боом капчыгайында таштарды түшүрүү жумуштары жүргүзүлөт. Мындай иштер 4-октябрдан 8-октябрга чейин жүргүзүлөрүн "Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасынан кабарлашат.

"Таштарды түшүрүү иштери Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан жолду жарым-жартылай тоскондон кийин күндүз жергиликтүү убакыт боюнча саат 09:00дөн 15:00гө чейин жүргүзүлөт.

Жолду тазалоо учурунда транспорт каражаттары бир тилке боюнча багытталат. 30-40тан ашык унаанын топтолушу менен таштарды түшүрүү иштери токтотулуп, унааларды өткөрүүгө уруксат берилет", - деп айтылат билдирүүдө.

Иш-чаралар аталган тилкеде таш кулоо коркунучун алдын алуу максатында жүргүзүлүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан