Москва шаарында Кыргыз өлкөсүнөн барган кыз-келиндер массалык мушташ уюштурушту. Бул тууралуу аталган өлкөнүн басылмалары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, массалык мушташ Москвадагы Хачатурян көчөсүндө болгон. Аны Кыргыз өлкөсүнөн барган кыз-келиндер уюштурушкан. Алардын көбү жаштар жана эң улуусу 40 жашта. Полиция кызматы мушташты дароо токтотуп, 5 аялды полиция бөлүмүнө жеткирген.
Алар өз көрсөтмөсүндө бул чырды сөз менен чечүүгө болбой тургандыгын айтышкан. Алардын Москвада каттоосу бар же жок экени азырынча белгисиз.