Кыргыз-казак депутаттары жайыт көйгөйлөрүн талкуулашты

Кыргыз-казак депутаттары жайыт көйгөйлөрүн талкуулашты. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынан билдиришти.

Бүгүн, 1-октябрда жайыт маселесине байланышкан жолугушуу болуп, ага Жогорку Кеӊештин депутаттары Нурбек Алимбеков, Рада Туманбаева, Замирбек Эсенаманов, Казакстандын парламентинин Сенатынын депутаттары Султан Дюсенбинов, Абдалы Нуралиев катышты.

Нурбек Алимбеков Жогорку Кеӊештин депутаттары парламенттик кызматташтыкка ар дайым даяр экендиктерин билдирди. "Биз “Жайыттар жөнүндө” мыйзамды 2009-жылы кабыл алганбыз. Анын жакшы жактары да көп, аксаган да жерлери бар, бирок ал мыйзам менен 12 жылдан бери иштеп келе жатабыз”, - деди Алимбеков.

Өз кезегинде Казакстандын парламентинин Сенатынын депутаты Абдалы Нуралиев меймандостугу үчүн кесиптештерине ыраазычылык билдирип, өздөрүнүн келгендеги максаттарын айтты. “Казакстан жерге бай. Анын ичинде жайыт жерибиз 184 миллион гектар. Жайыттардын көлөмү боюнча дүйнөдө алтынчы орунду ээлейт. Тилекке каршы, бүгүнкү күндө бизде жайытка байланыштуу көп маселелер бар. Малдын көптүгүнөн жайыттар деградацияга учуроодо. 2017-жылы биз да жайыт боюнча мыйзам кабыл алганбыз. Азыр ошол мыйзамга өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилип жаткандыгына байланыштуу сиздердин “Жайыт жөнүндөгү” мыйзамыӊыздардагы оӊ натыйжаларды жеринде көрүп, тажырыйба үйрөнүүгө келип отурабыз”, - деди ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Dembele84
2021-10-01 14:30:35
Жайыт беребиз десенер керек сразу
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан