Бишкек шаарында №203 маршруттук таксинин айдоочусу эне-баланы коляскасы менен кичи автобуска салбай, күч колдонуп чыгарып салган окуя катталган. Шаардык мэрия жабырлануучу келинди издеп жатканын кабарлады.Окуянын чоо-жайы:
30-сентябрда Бишкекте маршруттук таксинин айдоочусу эне-баланы коляскасы менен кичи автобуска салбай, күч колдонуп чыгарып салган. Аталган айдоочу иштен алынган. Ленин РИИБи аталган окуядагы айдоочуга "майда бейбаштык" беренеси менен кылмыш ишин козгоду.
1984-жылы туулган М.Б. аттуу айдоочу кылган аракети боюнча төмөндөгү түшүндүрмөнү берген: "Бир жыл мурун да ушундай окуя болуп, анын кесепетинен кичи автобустун ичиндеги адамдар жабыркап, алардын чыгымын төлөгөм, ошол себептүү колясканы салонго салган эмесмин. Бул үчүн жалпы коомчулуктан кечирим сурайм", - деп билдирген.