Ички иштер министринин биринчи орун басары, милициянын генерал-майору Сүйүнбек Өмүрзаков жана ИИМдин ардагерлер кеңешинин төрагасы Султан Жоошбаев милициянын ардагерлерин эл аралык карылар күнү менен куттукташты. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Сүйүнбек Абдылдаевич менен Султан Жоошбаевич министрликте иштеп кеткен ардагерлер Чоюнбек Сагынбаев, Акын Шаршенов, Бексырга Кубатович, Нина Ромашова жана Динара Шакированын үйлөрүнө барып, аларга министр Улан Ниязбековдун атынан куттуктоо сөздөрүн жеткиришти. Ошондой эле азык-түлүктөр салынган майрамдык баштыктарды тапшырышты.
"Сиздердин артыңыздарда чоң тажрыйба бар. Сиздер каада-салттарды жана адеп-ахлактык баалуулуктарды сактаган адамдарсыздар. Жаш муунду колдоп, балдардын жана неберелердин жардамчыларысыздар. Куттуктоо сөздөрдү жана терең урматтоону кабыл алыңыздар. Сиздерге бекем ден соолук, бакубатчылык, кажыбас кайрат, дөөлөттүү карылык, жакшы маанай жана бактылуу өмүр сүрүүнү каалайбыз", - деди Сүйүн Өмүрзаков өз куттуктоо сөзүндө.