"Эркекче!" ток-шоу берүүсү. Ала качып үйлөнүү - бул эркекчеби?

Буга чейин "Эркекче!" долбоорунун алгагында "Мырзалардын саламаттыгы, эмне үчүн алар урологго барууну уят көрүшөт" деген теманын алкагында талкуу болгон.

SUPER.KG порталындагы "Эркекче!" ток-шоу берүүсүнүн бул чыгарылышында ала качуунун күнгөй-тескейи талкууланды. Берүүдө ала качууну башынан өткөргөн кыз-келиндер сыр бөлүшүштү. Атын жашырууну туура көргөн коногубуз: "Мен жогорку окуу жайда окуп жатканда тааныбаган адам ала качып кетти. Ата-энем менин "жок" дегениме каршы болуп калтырып коюшту. Билбейм, эмнеге жашай албай койдум, бирок жашай албай койдум. Кызганып, көрүнгөнгө жармаштырып, мээмди да жеп салчу. Ал эми менин кыялым башка болчу, окуумду аяктап, жакшы жерде иштеп, өзүмдү өнүктүрүп, анан жан дүйнөмө төп келген адам менен бактылуу болсом дечүмүн. Ошентип кош бойлуу кезимде андан кетип калдым, баласын көрөм десе көрсөтөм деп ойлоп жаткам, кийин күйөөм деле, кайын журтум деле баланы көрөлү деп кайрылышкан деле, мен менен кабарлашкан деле жок", - деди.

Андан кийин акын Сонунбүбү Кадыровага микрофон берилип, ал ала качуу мындан бир нече жылдар мурун кыз менен жигиттин өз ара макулдашуусунун негизинде болуп келгенин, ага айрым учурда жеңелер аралашканын айтты. Азыр болсо кыз-жигит тааныш болуп, бирок кыз макул болбосо да агрессиялуу түрдө алып качышат деди.

Ошондой эле ала качуунун курмандыгы болгон Айзада Канатбекованын таежеси талкууланган тема боюнча өз пикирин айтты. "Мени да мурдагы күйөөм ала качкан, жашай алган эмеспиз. Айзада болсо анын курмандыгы болду. Абдан өкүнүчтүү, мындай каргашалар кайталанбашы үчүн бийлик бутактары бирдиктүү, иштей турган мыйзамдарды иштеп чыгышы керек", - деди ал.

Актёр Азамат Исмаилов болсо "кызды сүйдүрө албай, ала качкан эркектерди сыйлабайм" деген оюн билдирди. Толугу менен видеодон көрүңүз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Mister-XXX
2021-10-01 22:53:23
Сонун Кадырова акын эмес.Койгулачы,ырларын окуп корсонор билесинер.Уйкаштык,мааниси жок.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан