"Мугалим бир учурда эле окуучулардын астында актёр, ырчы, сүрөтчү боло алат" дейт 26 жаштагы мугалим Нурислам Эргешалиев (маек)

Мугалим байыртадан бери келе жаткан ары жоопкерчиликти, ары чоң түйшүктү талап кылган ардактуу кесиптердин бири. Бул кесиптин ээлери өлкө келечеги үчүн дагы ролу чоң десек жаңылышпайбыз. Себеби мугалимдер коомдо керектүү адистерди тарбиялап беришет.

Өлкөдө октябрь айынын биринчи жумасы мугалимдер майрамы. Бул майрамга карата ардактуу кесип тууралуу жаш мугалим Нурислам Эргешалиев менен маек курдук.

Нурислам Эргешалиев 1995-жылы Жалал-Абад облусунун Аксы районунда жарыкка келип, Чаткал районунда чоңойгон. Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин кыргыз филология факультетин аяктаган. Учурда "Келечек MIT" билим берүү комплексинде кыргыз тили жана адабияты сабагынан окутуучу. Үй-бүлөлүү.

- Эмне себептен мугалимдик кесипти тандап алдыңыз?

- Негизи менин бала кезден журналистика тармагына кызыгуум күч болуп, мектепте өткөн көптөгөн иш-чараларда алып баруучу болуп калган жайым бар. Ошол учурда эле дикторлорду туурап сүйлөп, эл алдында сүйлөгөндү жакшы көрүп, ушул багыт боюнча кетким келчү. Ошентсе да кээ бир учурларда мугалимдердин ордуна сабак өтүп, бирөөгө бир нерселерди түшүндүрүп бергенге шыгым бар эле. Ошондон улам 2013-жылы окууну бүткөндө мугалимдердин кеңеши жана өзүмдүн тандоом менен Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин кыргыз филологиясы факультетине тапшырып окуп калдым. 2016-жылы 4-курста окуп жаткан кезде тааныш агайлар аркылуу мектепке жумушка орношуп, бүгүнкү күнгө чейин ушул тармакта жигердүү иштеп келе жатам.

Мугалимдик кесиптин асылдыгына арбалып, окуучулар менен иштешип, алар мени окутуучу катары кабыл алгандыктан мына 6-жыл ушул барк-баасы бийик, ардактуу кесипти аркалап келе жатам. Жан дүйнөсү таза аудитория менен баарлашуу менен бирге бүгүнкү күндө бул кесип менин жашоомдун ажырагыс бөлүгүнө айланды десем болот.

- Ар бир иштин кыйынчылыгы, жыргалчылыгы болот эмеспи. Бул кесиптеги эң орчундуу жагдайларды жана жакшы жагын атай өтсөңүз.

- Албетте, бардык иште тар жол, тайгак кечүүлөр болот. Ошол жолдон тайгаланбай өтүп, курчуй алган адам гана бул жашоодо ийгиликтин таажысын тагынып, өз кесибинин "тактысына" олтуруп, ийгиликке жете алат деп эсептейм. Мугалимдик кесиптин эң орчундуу жагы, коомдо эң актуалдуу кесиптердин катарына кирип, бул кесиптин ээлери бүгүнкү жеткинчекке татыктуу билим, таалим-тарбия берүү менен бирге чоң турмуштук жашоого аттантуу, анан да мугалимдин окуучулар менен тынымсыз, жигердүү иш алып баруусу. Жакшы жактары абдан арбын. Биринчиден, сени ар дайым эстеп турган, барсаң "агайлап" турган мектептеги окуучуларың бар. Экинчиден, маектешүү, баарлашуу коштогон жандуу тармакта иштейсиң. Үчүнчүдөн, мугалимдик кесип адамдарды асылдыкка, адамгерчиликке үндөгөн өзгөчө өнөр катары да белгилүү. Төртүнчүдөн, мугалим бир учурда эле окуучулардын астында актёр, диктор, дирижёр, манасчы, ырчы, сүрөтчү боло алат, окуучуларды шыктандыра алат. Аларга турмуштук багыт көрсөтө алат, сөзү адамдык сөөлөтүнө шайкеш келип жаш муунга үлгү боло алат.

- Учурда ааламдашуу дүйнөнү кучагына алып жаткан учурда кыргыз тилин балдарга үйрөтүү оңой болбосо керек. Шаар жеринде окуучулардын кыргыз тилине болгон кызыгуусу кандай?

- Кыргыз тилин үйрөтүү ааламдашуу доорунда бир топ көйгөйлүү болуп жаткан чагы. Анткени кыргыз тилине болгон талап коомчулукта жакшы деңгээлде эмес. Биз мектепте колдонуп жаткан окуу китептери да бир жактуу болуп, көптөгөн методдордун элементтерин камтый алган эмес. Ошентсе да китептен сырткары кошумча материалдарды издөө менен, изденүү менен заманбап окутуу технологияларын пайдаланып сабактарды өтүп келе жатам десем болот. Ал эми шаарыбыздагы окуучулардын кыргыз тилине кызыгуусу орточо десем жаңылышпайм. Анын сөзсүз түрдө күңгөй-тескей жактары бар, 45 мүнөт сабак учурунда кыргыз тилин ар тараптуу үйрөтүп жатсак да, балдар сыртка чыкканда өз чөйрөсүндө орусча сүйлөп, орусча ойлонуп жатышканы өкүндүрбөй койбойт. Муну менен бирге кыргыз тили сабагы боюнча мугалимдердин өзгөчө азыркы убакта чоң жүктү, кыргыз тилин коомчулукка жайылтуу ишин алып барып жатышат.

- Мугалимдик кесипти аркалап жатып үлгү алып, кеп-кеңешин берип турган устаттарыңыз болсо керек...

- Устатсыз бул кесипти аркалап кетүү абдан кыйын. Устаттарымдын менин жашоомдо ролу чоң. Өзүңдө жөндөм болуп турса да, жол көрсөткөн мугалимдер болуш керек. Мектеп учурунда Уулкан, Чолпон деген эжейлерим багыт берсе, ЖОЖдо Турусбек Маразыков агай, Айгүл Табалдиева эжейлердин лекциялары, насааттарынын натыйжасында бул кесипке жуурулушуп кеттим десем болот. Азыр да алар менен байланышып, кеп-кеңешин алып турам.

- Сиз орус тилдүү мектептерде кыргыз тилин үйрөтөт экенсиз. Кандай методдорду колдоносуз?

- Мен орус тилдүү, кыргыз тилдүү мектепте эриш-аркак бирдей сабак берип келем. Кошумча курстарда да окуучуларды Жогорку республикалык тестирлөөгө даярдайм. Эң негизгиси, программада берилген темалардын мазмунун мүмкүн болушунча жөнөкөйлөштүрүп бергенге аракеттенем. Кошумча интерактивдүү методдордун ар кандай түрлөрүн колдоном. Андан сырткары сабакта көпчүлүк учурда балдарды сүйлөтүп, алардан оюн угам. Буга чейинки иш тажрыйбамда сот-сабак, сахна-сабак жана башка ушул сыяктуу кызыктуу, өзгөчө сабактарды өткөм. Алдыда дагы да чеберчилигимди арттырып, дасыккан, профессионал адис болуп, өмүр жолумда из калтыргым келет.

- Кызыктуу маек куруп бергениңиз үчүн ыраазычылык билдиребиз!

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Medina87
2021-10-03 07:29:49
Нурисламга мындан ары да Эмгегине жараша Ийгилик каалайм Инcан катары.
Автобиографиясын окудум,жакшы.
Бирок, Мугалим деген КЫЗЫЛ ТАЗЫЛ кийинип Окуучуларды туурап кеткенби((
-1
Medina87
2021-10-03 08:07:11
А так(Бирок..);
Ар бир МУГАЛИМ же ЭЖЕКЕ, Созсуз турдо ПСИХОЛОГ,)))
-3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан