Кийинки жылдары электр энергиянын тарифтеринин өзгөрүүсү инфляциянын деңгээлин эске алуу менен ишке ашырылат. Бул тууралуу министрлер кабинетинин биринчи орун басары Азиз Аалиев маалымат жыйында билдирди.
Ал алынган каражаттар жабдууларды жаңыртууга, трансформатордук көмөкчордондорду орнотууга, электр линияларын курууга жана генерациялык кубаттуулуктарды жогорулатууга жумшала турганын айтты.