"Ак илбирс" киносыйлыгы: "Жөө күлүк" фильми "Эң мыкты тасма" деп табылды

Бүгүн, 1-октябрда Бишкек шаарындагы "Манас" кинотеатрында "Ак илбирс" улуттук кино сыйлыгын тапшыруу аземи болуп өттү. Аталган киносыйлык быйыл 9-ирет өтүп, жеңүүчүлөрү аныкталды.

"Мыкты тасма" - "Жөө күлүк" - Мирлан Абдыкалыков;

"Эң мыкты көрүлгөн тасма" - "Апамды издеп 2" - Руслан Акун;

"Эң мыкты режиссёр" - "Жөө күлүк" - Мирлан Абдыкалыков;

"Эң мыкты сценарий" - "Жөө күлүк" - Эрнест Абдыжапаров;

"Эң мыкты оператор" - "Жөө күлүк" - Талант Акынбеков;

"Эң мыкты сүрөтчү" - "Жөө күлүк" - Адис Сейталиев;

"Эң мыкты композитор" - "Жөө күлүк" - Мурзали Жээнбаев;

"Эң мыкты үн режиссёру" - "Жөө күлүк" - Марс Тугелов;

"Эң мыкты монтаж" - "Жөө күлүк" - Евгений Крохмаленко;

"Эң мыкты эркек ролу" - "Жөө күлүк" - Темирлан Асанкадыров;

"Эң мыкты айым ролу" - "Бажарики 3" - Жамиля Сыдыкбаева;

"Эң мыкты даректүү тасма" - "Подсолнух" - Чынгыз Сулумбеков;

"Эң мыкты кыска метраждуу тасма" - "На границе" - Тынчтык Абылкасымов;

"Борбордук Азиядагы эң мыкты тасма" - "Чёрный, чёрный человек" (Казакстан).

Дүйнөлүк кинематографияга кошкон салымы үчүн "Ак илбирс" киносыйлыгынын атайын статуэткасы менен казак режиссёру Асанали Ашимов жана улуттук кинематографияга кошкон салымы үчүн Кыргыз эл сүрөтчүсү Муса Абдиев сыйланды.

"Ак илбирс" киносыйлыгы: "Жөө күлүк" фильми "эң мыкты тасма" деп табылды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан