Анкара шаарында Жусуп Абдрахмановдун эстелиги ачылды (фото)

Анкара шаарынын Этимесгут муниципалитетиндеги Түрк тарых паркында Кыргыз АССРинин Эл комиссарлар кеңешинин биринчи төрагасы Жусуп Абдрахмановдун эстелигинин ачылыш аземи болуп өттү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен кабарлашты.

Билдирүүгө ылайык, элчи Кубанычбек Өмүралиев жана Этимесгут муниципалитетинин мэри Энвер Демирел эстеликке гүл коюп, кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн негиздөөчүсүнүн жаркын элесине таазим кылышкан.

Түрк тарых паркында Жусуп Абдрахмановдун эстелиги менен катар түрк тилдүү мамлекеттердин негиздөөчүлөрү - Кемаль Ататүрктүн, Мамед Эмин Расулзаденин, Нурсултан Назарбаевдин, Ислам Каримовдун, Гурбангылу Бердимухамедовдун жана Рауф Денкташтын эстеликтери бар.

Маалымат үчүн: Түрк тарых паркы 2021-жылдын 29-августунда ачылып, анда түрк тилдүү мамлекеттердин негиздөөчүлөрүнүн, ошондой эле түрк дүйнөсүнүн атактуу өкүлдөрү - Ч.Айтматовдун, Махтумкулинин, А.Кунанбаевдин жана түрк кагандарынын эстеликтери тургузулган. Жалпысынан паркта 206 эстелик бар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
surgeon777
2021-10-04 09:35:58
Абдан жакшы...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан