Ош шаарынын мурдагы вице-мэри Жасур Азимовго карата козголгон кылмыш иши токтотулду. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан маалымдашты.
Маалыматка ылайык, иш кылмыштын курамынын жоктугу үчүн кыскартылган.
Эске салсак, Жасур Азимов жер боюнча алдамчылыкка шектелген. Тергөөнүн версиясы боюнча, Ош шаарынын вице-мэринин 2020-жылдын 4-сентябрындагы токтому менен "Кыргыз Текстиль ЛТД" жоопкерчилиги чектелген коому 25 гектар жер тилкесин 2 миллион 500 миң сомго саткан. Бул жер Жапалак айыл аймагынын аймагында жайгашкан.