
Өлкөдө медициналык мекемелерде электр жарыгы үзгүлтүксүз берилет. Бул тууралуу "Түндүк электр" ишканасынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, "Түндүк электр" мамлекеттик ишканасынын карамагында Бишкек шаары боюнча 24, Чүй облусунда 16 жана Талас аймагында 9 медициналык мекеме бар.
"Ал эми өчүрүүлөр авариялык абалда гана болушу мүмкүн. Ал учурда ооруканалар кошумча генератор менен камсыз кылуу мекеменин администрациясынын жоопкерчилигинде", - деп айтылат маалыматта.