Түнкүсүн Бишкектин көчөлөрүндөгү жарыктарга чектөө кайра киргизилбей турган болду

Бишкекте көчөлөрдөгү электр жарыктарына чектөө коюлбайт. Мындай чечимди "Улуттук энергетикалык холдинг" кабыл алганын мекеменин маалымат кызматынан кабарлашат.

Белгилүү болгондой, август айында Токтогул суу сактагычында суунун топтолушунун учурдагы абалы, ошондой эле электр энергиясын үнөмдүү жана сарамжалдуу пайдалануу зарылдыгы тууралуу калкка жана үй чарбалык эмес абоненттерге түшүндүрүү иштери башталган.

"Электр энергиясын ташыган компаниялар тарабынан уруксат берилген кубаттуулуктун көлөмүн сактоо үчүн керектөөчүлөр текшерилип, дебитордук карызы барлардын жарыгы өчүрүлөт. Бирок бүгүнкү күнгө чейин көрүлгөн чаралар жетишсиз болууда. Белгиленген сметадан ашык керектөө өсүп жатат. Буга байланыштуу "Улуттук энергетикалык холдинг" күз-кыш мезгилинде электр энергиясынын тартыштыгын болтурбоо үчүн жылуулуктун альтернативдүү булактарын (газ, көмүр) колдонууга чакырат.

Учурда республиканын бардык аймагында үнөмдүү керектөөнүн зарылдыгы тууралуу үй чарбалык эмес абоненттер менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. 26-сентябрдан баштап орточо суткалык үнөмдөө күнүнө 400-500 миң кВт саатты түздү.

Электр энергиясын керектөөнүн белгиленген чектерин сактабоо энергетикалык жабдуулардын ишине да, кыш мезгилинде бардык керектөөчүлөрдү электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыздоого олуттуу таасирин тийгизиши мүмкүн", - дешти мекемеден.

Белгилей кетсек, 29-сентябрда "Улуттук энергетикалык холдинг" ишканасы өлкөдө сейил бактардын, кафе, ресторандардын көчөлөрдүн жана жарнактардын чырактары өчүрүлөрүн кабарлаган. Коомдун кызуу талкуусуна алынып, каршы пикирлер айтылгандан кийин энергетика жана өнөр-жай министрлигиндеги башкармалыктын башчысы Айбек Айдаралиев көчөлөрдөгү электр жарыгынын өчүрүлүшү боюнча түшүндүрмө берген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан