Улукбек Марипов: "Учурда мугалим болуу – ардактуу кесип гана эмес, өлкө жана эл алдындагы чоң жоопкерчилик"

Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов мугалимдерди билим берүү кызматкеринин күнү жана Эл аралык билим берүү күнү менен куттуктады. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

"Министрлер кабинетинин жана жеке өзүмдүн атымдан мугалимдерди өзгөчө жылуу маанайдагы майрамы - билим берүү кызматкеринин жана Эл аралык билим берүү күнү менен куттуктайм. Мугалим - бул жөн гана кесип эмес, өз өмүрүн ал кесипке арноо. Ушул майрам күнү мугалимдерге сабырдуулугу, бизге төккөн мээрими жана билими үчүн ыраазычылык билдирем. Учурда мугалим болуу - ардактуу кесип гана эмес, өлкө жана эл алдындагы чоң жоопкерчилик. Анткени дал ушул мектепте келечектеги жарандын жана эл-жерин барктаган патриот инсандын негизи түптөлөт. Биз мугалимдердин талыкпас эмгеги жана өлкөнүн өнүгүүсүнө кошкон салымы үчүн ыраазычылык билидербиз. Ошол эле учурда мугалимдерди экинчи ата-эне катары урматташыбыз керек. Мамлекет өз кезегинде билим берү кызматкерлеринин эмгек шартын жакшыртуу үчүн бардык күч-аракетти жумшайт. Кымбаттуу мугалимдер, сиздерге бакыт, чың ден соолук, бакубаттуулук жана ийгиликтерди каалайм", - деди ал.

Министрлер кабинетинин башчысы белгилегендей, президент мугалимдерге, дарыгерлерге жана маданият тармагынын кызматкерлерине өзгөчө көңүл бурат.

"Бүгүнкү күндө биздин мугалимдер, дарыгерлер жана маданият тармагынын кызматкерлери татыктуу маяна акы жана социалдык камсыздоо алуусу үчүн бюджеттин киреше бөлүгүн жогорулатуу иретинде бардык аракеттер көрүлүүдө. Ушул жылы биз медициналык кызматкерлердин жана маданият тармагынын кызматкерлеринин айлык акысын жогорулаттык. Эми мугалимдердин айлык акысынын өлчөмү жогорулатылат, анткени биздин мамлекетибиздин келечеги элдин билим деңгээлинен көз каранды. Мугалим кесибинин кадыр-баркын жогорулатуу зарыл", - деди Улукбек Марипов.

Министрлер кабинетинин башчысы Кыргыз Республикасынын эл мугалими Антонида Зырянованын абалынан кабар алды.

Улукбек Марипов белгилегендей, бүгүн борбордун мэри жана президенттин аймактардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү 8 элдик мугалимди мамлекет башчысынын жана министрлер кабинетинин атынан куттукташат.

Өлкөбүз эгемендүүлүккө ээ болгондон тарта "Кыргыз Республикасынын эл мугалими" ардактуу наамы 25 педагогго ыйгарылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан