Ырчы Анжелика президент Садыр Жапаровго кайрылуу жасады

5-6-октябрдагы окуяларды баяндаган "Адилет" телесериалы КТРКнын эфиринен алынды. Бул туурасында ырчы Анжелика билдирип, сериалды эфирден алуунун себеби белгисиз экенин жазды. Ал өлкө башчы Садыр Жапаровго кайрылуу жасады.

"24 сериядан турган, элди мыйзамга баш ийүүгө үндөгөн сериалыбыз эфирден белгисиз себептер менен алынды. Себептерин билгибиз келет. Эл үчүн иштеген режиссёрлордун ишин баалап коюуңузду өтүнөм. Уят сөздөр менен тартылган комедия жанрындагы милицияны шылдыңдаган тасмаларга эскертүү берилсе туура болмок. Бирок биздин максат милициянын аброюн көтөрүү эле. Ушундай иштер болуп жатканын кимге айтарыбызды, даттанарыбызбы билбей отурабыз.

Азыр биз, жаштар элди маданиятка чакырып, элдин ичиндеги көйгөйлөрдү жакшы мисал, мотивация менен гана чече алабыз. Башка өлкөлөрдө ээн баштар менен күрөшүү үстүндө - ажолору тасмаларды буйрутма кылып, мамлекеттик кызматкерлердин аброюн көтөртүп келишет. Биз миң эшикти каккыладык, бир дагы патриотту таппадык! Баары "акча таппасаңар", "эмне кыласыңар милицияны мактап тартып" дегенине карабастан аягына чыктык.

Кайдан жаман милиция пайда болот? Аны кандай жепжутарлар жаратат? Баары эле сатылып кеткен эмес. Ачуу чындык, кыйынчылыктар! Кызмат өтөп жатып курман болгондор тууралуу сериал. Бир тамчы дагы милицияга болгон терс пикир жок!

Бир ай мурун ички иштер министри, орун басары болуп тасманы көрсөтүп, колдоо сурап чыкканбыз. Анда болгону жаңы имараттарды кошкула деген сөз болгон. Бир жыл мурун сериал тартып жатканда жок имараттарды азыр сериалга кошушубуз үчүн канчалаган техника керектелет? Чыгымын ким төлөйт?
Мен өз чөнтөгүмдөн 30 миң доллар акча сарптадым", - деген ал.

Ал эми Ички иштер министрлигинин маалымат кызматынан тыюу салбаганын белгилешти. "Биз бул сериал боюнча милициянын кадыр-баркына шек келтирген эпизоддор боюнча гана өз пикирибизди билдиргенбиз. Эфирден алып салгыла деген болгон эмес", - дешет.

Белгилей кетсек, "Адилет" телесериалы 4-октябрдан тартып КТРК телеканалында көрсөтүлө баштаган.

Дубайда кыргыз кыз ымыркайын өлтүрүүгө айыпталууда
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
Nursul
2021-10-06 11:52:27
Башталбай жатып эле эфирден алып коюшканы кызык экен
+3
KaGaH
2021-10-06 12:05:17
Ой дагы анжелика
+6
bond02
2021-10-06 12:09:28
Сенин ким экенин белгилуу, форма кийгенин маскарлаганын да.
+9
Dembele84
2021-10-06 13:34:18
Сендей маскарапоздор милиция кийимин кийип,милициянын абийирин тушуруп жатпайбы)))
+5
muku.85
2021-10-06 15:32:42
КТРК корсотпосо башка каналга алып баргыла бизде теле канал толтура и так эле КТРК ны коп адам корбойт
+3
JaneEr
2021-10-06 16:14:41
Маанисиз эле кино,сериалдар кобоюп кетти.Актерлордун аткарганы супсак.Эптемей.Коомду эрмектеп оюнчук кылып алышты ырчылар.Ырчы,актер чекеден баары.Блогер тантышып.
+4
Asmat84
2021-10-06 17:01:10
JaneEr, илгери режиссер кино актёрлор Москванын мен мен деген күчтүү окуу жайларында билим алып келишчү эле. Азыр болсо чекеден эле кино режиссер актер болуп кетишти го
+4
NURSAPAR
2021-10-06 18:53:13
Чык, эшикке!!!
+3
Mister-XXX
2021-10-06 19:23:02
Актерлор,режиссерлорду кайра экзаменден өткөзүп татыктуу адамдарды киного тартуу керек болуп атат.Ырчылар,блогерлер,тамашоучулар киного жакындабай эле койгулачы.Ар ким өз кесиби менен иштесе.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан