Биз социалдык тармакта

"Министр спортту билбегени үчүн президенттен сөгүш уккан". Депутат Маданият министрлигинен спорт тармагын алып салуу керектигин айтты

Депутат Шайлообек Атазов Маданият министрлигинен спорт тармагын алып салуу керектигин айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 6-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

"Биздин мамлекетте маданият, спорт жөнүндө маселени көтөрүш керек. Биздин мамлекеттин, улуттук атагын чыгарган маданият менен спорт. Коңшу мамлекеттер чет өлкөдөн келгендерге маданиятын, тарыхын көрсөтүп жатат. Бүгүнкү күндө Бишкекте музей 5 жылдан бери ачылбай жатат. Эмне үчүн музей жабык турат? Маданият министрлигине спорт тармагын киргизип алганбыз. Маданият министри спортту түшүнбөгөндүктөн президенттен сөгүш уккан. Маданият министрлигинен спортту бөлүш керек же министр иштеши керек", - дейт ал.

Депутат Маданият министрлигинен спорт тармагын алып салуу керектигин айтты
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Asmat84
2021-10-06 17:07:18
Туура айтасыз
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан