"Өзүбүздө жетиштүү эмес". Тажикстан электр энергиясыз калабыз деп чочулап жатабы?

"Кыргыз өлкөсү 1-октябрдан тарта Тажикстандан электр энергиясын сатып ала баштады", - деп энергетика министри Доскул Бекмурзаев маалымат жыйында билдирген болчу.

"Коңшу өлкөлөргө ыраазычылык билдиришибиз керек. Тажикстандык кесиптештер бизге кайрылышып электр энергия берели дегенден кийин макулдугубузду бердик. Бүгүндөн баштап түштүк аймактарга Тажикстандан электр энергиясы бериле баштады. Сатып алабыз", - деген Бекмурзаев.

Тажикстандын жергиликтүү маалымат агенттиги кыргыз министринин айткандарын жазып, бирок Тажикстандын өзүндө күз-кыш мезгилдеринде электр энергиясы тартыш болорун белгилеген.

"Кыргыз өлкөсүнө электр энергиясын берүү боюнча маалыматты Тажикстандын тиешелүү структураларынан тактоо да, четке кагуу да мүмкүн болбой жатат", - деп жазылат агенттиктин маалыматында.

"Бирок "Барки точик" (ред. Тажикстандын мамлекеттик, улуттук энергетикалык компаниясы) да, Энергетика министрлиги да күз-кыш мезгилдеринде, өзүбүздө электр энергиясынын жетишсиздиги байкалган учурларда экспорттоону четке кагып келишет. Бир гана Ооганстанга мындай жагдайлардын тиешеси жок, жергиликтүү энергетиктер Ооганстанга электр энергиясы чоң эмес көлөмдө, өлкөнүн саясий туруктуулугу жок аймактары жарыксыз калбоо үчүн гана берилип турат.

Тажикстандын өзүндө акыркы жылдардагы күз-кыш мезгилдеринде электр энергиянын кескин тартыштыгы байкалып келе жатат, ал эми айыл жерлеринде өтө кыскартылган лимиттер коюлган. Ооба, бул күздө азырынча тартыштыктар байкала элек", - деп белгилейт агенттиктин маалыматында.

Анда жазылгандай, Тажикстандын энергетика министрлиги бул жылы өлкөнү жарык менен камсыздоо жылдагыдан жакшы боло турганын, бирок ага чектөө койбой жеткирүү да мүмкүн эмес экенин айткан.

"Кыргыз өлкөсү өткөн жылы дагы Тажикстандан электр энергиясын алып, бир киловаттка 3 центтен төлөгөн. Ал эми Ооганстанга ар бир киловатт 4,5 центтен сатылат", - деп кошумчаланат тажик тараптын маалыматында.

Айта кетсек, Кыргыз өлкөсүнүн энергетика министри Доскул Бекмурзаев Тажикстандан электр энергиясын кандай баада сатып алышарын ачыктаган эмес.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
muku.85
2021-10-06 15:24:58
Чек араны ачсанар электр энергиясын аласынар деп ачык эле айтпайбы булардын ойу ошол
+4
Antiradikal3
2021-10-06 15:37:37
Демек биздин жепжутарлар 5-6 центтен деп суйлошкон окшойт чамасы..... Мына силерге бугунку бийликтин жузу. Дагы суу сакиагычтарды берели дегеничи.........
+3
Dembele84
2021-10-06 16:14:53
Бийлик онбой турган болду.Тажиктерден свет алгыча,срочно озубуздогу суу сактагычтарга мини ГЭС курууга буйрук бербейби.
+3
Asmat84
2021-10-06 16:47:46
Тажиктерден чөгөлөп барып электр энергиясын сурагандан көрө электр энергиясы жок отурганбыз жакшы болмок. Адамда намыс деген биринчи орунда турушу керек
+4
CAPATAH
2021-10-06 19:42:11
Asmat84,ушу сенин намысындын чаны болгондо тиги .оттордо
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан