Биз социалдык тармакта

Жактоочу: "Курсан Асановдун социалдык тармакка тараган аудиосу монтаждалганы аныкталды"

Ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асанов менен Алмаз Сарыбаевдин сүйлөшүүсү деген аудиосу монтаждалган. Бул тууралуу жактоочу Чынара Жакыпбекова билдирди.

Жактоочунун айтымында социалдык тармакка тараган Курсан Асанов менен Алмаз Сарыбаевдин сүйлөшүүсү делген аудиону Орусиянын жана Казакстандын эки экспертизасы монтаждалган деп тыянак чыгарып берген.

"Социалдык тармакка тараган аудиону Орусия жана Казакстандагы адистешкен экспертизага жөнөткөм. Эки экспертиза тең аудио 6 жеринен монтаждалган деген тыянак чыгарып берди", - деди Чынара Жакыпбекова.

14-сентябрь күнү ИИМдин тергөө кызматы тарабынан "бийликти күч менен басып алуу" беренеси боюнча шектүү катары Курсан Асанов кармалып, Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Эки күндөн кийин Асановго карата бөгөт коюу чарасы каралып, 14-ноябрга чейин камакка алуу боюнча чечим чыккан. Ал Юстиция министрлигине караштуу №50 тергөө изоляторуна камакка алынган. Жактоочу Икрамидин Айткулов Курсан Асановдун өтө оор кылмыш жасагандар кармалган абакка камакка алынганы боюнча сотко кайрыларын билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Asmat84
2021-10-06 17:58:43
Эми эмне дейт экен. Бул монтажды ким жасаган, кимдин буйругу менен ошого каттуу жаза бериш керек ак жеринен адамды жаман көрсөткөн адамдарды атып салыш керек
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан