Опузалап пара алуу фактысы менен Ош ШИИБинин кызматкери кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, алдамчылык фактысы боюнча кылмыш ишин токтотуу үчүн Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан пара талап кылынган.
"4-октябрда Ош ШИИБинин ички иликтөө кызматы менен биргеликте жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө иш-чараларынын жыйынтыгында пара алып жаткан жеринен Ош ШИИБинин №5 шаардык милиция бөлүмүнүн аймактык тескөөчүсү А.Т. кармалган. Кармалган адам Жазык-процессуалдык кодексинин 98-беренесинин негизинде ал убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Азыркы учурда УКМК тарабынан аталган кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоого багытталган ыкчам-тергөө иш-чаралар улантылууда", - деп жазылат маалыматта.