"Түркияда 22 күн комада жатып андан соң күрөөдө калдым" деген 56 жаштагы Гүлбара Алдаярова

Биз буга чейин Түркиянын Эскишехир шаарында коронавирус менен ооруп, ооруканада күрөөдө калган ысык-көлдүк 56 жаштагы Гүлбара Алдаярова тууралуу жазганбыз. Андан соң ал "Кайрымдуу бол" фондунун жардамында Кыргыз өлкөсүнө учуп келген. Учурда Бишкектеги Мамбет Мамакеев атындагы Улуттук хирургия борборунда бутунан операция болуп дарыланууда.

"Түркияда сөөгүм калып, балдарым көрбөй калабы" деп корктум деген каарманыбыз төмөнкүлөрдү айтып берди.

"Эки уул, бир кызым бар. Жолдошум каза болуп калган. Бир балам угуу, сүйлөө жагынан мүмкүнчүлүгү чектелген. Кызым менен бир уулум үй-бүлөлүү. Уулума жардам болсун деген максатта Түркияга иштегени баргам. Ал жакта кары адамдарды карап иштедим, эми ишке кирсем эле каза болуп калат, кайра жумуш издейм. Ошентип жатып жакшы деле иштей алган жокмун. Анан ушул жылы август айында коронавирус илдети менен ооруп калдым. Эскишехир шаардык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүндө 22 күн, кадимки палатада 10 күн жаттым. Анан дарыланганым үчүн оорукана менден 32 миң АКШ долларын талап кылды, аны төлөбөсөм күрөөгө кала тургандыгымды айтышты. Аябай оор күндөрдү башымдан өткөрдүм. Түркияда сөөгүм калып, балдарым көрбөй калабы деп корктум. Андан соң Азамат Байматовго жардам сурап кайрылдым. Эки күн ичинде маселемди чечип, билет алып берди. Чек арадан өткөнчө аябай корктум. Качан гана балдарыма жолукканда Кудайга шүгүр айтып, ыйладым. Ал жакта бутумдан үч жолу анализ алышкан болчу. Ошол шишип кетип баса албай калдым. Бул жакта дарыгерлер майда кан тамырларга доо кеткенин айтып, операция жасашты. Азыр жакшы болуп калдым", - дейт Алдаярова.


“Түркияда 22 күн комада жатып андан соң күрөөгө калып кеттим” деген аял мекенине келди
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан