Республикалык штаб Баткен облусундагы COVID-19га каршы эмдөөнүн жүрүшүн талкуулады

Баткен облусунда министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашованын төрагалыгы астында коронавирус инфекциясына каршы күрөшүү боюнча ыкчам штабдын кеңешмеси болуп өттү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Кеңешменин жүрүшүндө республикадагы эпидемиологиялык абал, Баткен облусунун билим берүү мекемелеринин вакцинация жүргүзүүгө даярдыгы маселеси жана калкты вакцинациялоо боюнча кампаниянын жүрүшү талкууланды. Шаарлардын мэрлери, райондордун акимдери өзү тейлеген участоктору боюнча маалымат беришти.

Ыкчам маалыматтарга ылайык, бүгүнкү күнгө карата Баткен облусунда COVID-19га каршы эмдөөнүн максаттуу тобу 185 миң 695 адамды түзөт, анын 40 пайызы 1-дозасы менен эмделген, эмдөөнүн толук курсун (1-2-доза) 27 пайыз өткөн.

Жылдыз Бакашова бир катар аймактарда калкты эмдөө темпи төмөн экенин айтты. Алсак, эң төмөнкү көрсөткүчтөр Бишкек шаарында (20 пайыз), Чүй облусунда (19 пайыз), Баткен облусунда – Баткен (19 пайыз) жана Сүлүктү (20 пайыз) шаарларында белгиленген.

Кеңешменин жыйынтыгы боюнча Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигине вакцинациялоо боюнча кампанияны жүргүзүү ишин күчтөндүрүүсү жана президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө жана Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлерине бул маселени жеке көзөмөлгө алуусу тапшырылды. Ошондой эле калкты амбулатордук жана стационардык деңгээлдеги тийиштүү медициналык кызмат көрсөтүүлөр менен өз учурунда камсыздоо максатында коронавирус инфекциясы боюнча эпидемиологиялык абалды үзгүлтүксүз негизде мониторингдөөнү күчтөндүрүүсү тапшырылды.

Мындан тышкары Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигине дарыканаларда жана саламаттыкты сактоо мекемелеринде коронавирус инфекциясына каршы дары-дармектердин, медициналык шаймандардын, жеке коргонуу каражаттардын тийиштүү кору болуусун көзөмөлдө кармоосу тапшырылды. Министрликке кадрлар жетишсиз болгон саламаттыкты сактоо уюмдарына ар кандай профилдеги медициналык кызматкерлерди жөнөтүп туруу тапшырылды.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары профессордук-окутуучу курамдын, 18 жаштан жогорку окуучулардын арасында эмдөөнүн жүргүзүүнүн өзгөчө маанилүү экендигин белгиледи. Буга байланыштуу Билим берүү жана илим министрлигине, президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнө облустагы жогорку окуу жайлардын, орто кесиптик окуу жайлардын, мектептердин жана мектепке чейинки билим берүү мекемелери арасында тийиштүү түшүндүрүү иштерин жүргүзүү тапшырылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан