Алмазбек Атамбаев ШКУга кирген өлкөлөрдүн өкмөт башчыларын кабыл алды
Кечээ Президент Алмазбек Атамбаев "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында ШКУнун өкмөт башчыларынын кеңешинин жыйынынын катышуучуларын кабыл алды. Жолугушууда өлкөлөр аралык кызматташуу тууралуу сөз болуп, Алмазбек Атамбаев өкмөт башчыларга ыраазычылык билдирди.