Андан кийин чектөө алынган, бирок Орусиянын күйүүчү майлары кымбаттаганына байланыштуу Казакстандын май куюучу жайларында дале жок болуп жатат. Казакстандын антимонополдук кызматкерлери дизелдин литрин 210 теңгеден жогору баада саткан ишканаларды көзөмөлдөп, куюучу май куйган жайлардагы бааларды туруктуу кармоо аракетин көрүштү. Жыйынтыгында, ишкерлердин арасынан бири дагы Орусиянын күйүүчү майлары менен иш алып барууну каалабаганы белгилүү болду. Андан соң Казакстан дизелдин кескин тартыштыгына туш болду жана түндүктөгү коңшулардан күйүүчү май алып келүү маселеси кайра актуалдуу орунга чыкты.
Өлкөнүн май куюучу жайларындагы абалды эске алганда Казакстан Республикасында дизель боюнча абал чыңалып турат. Мындай абал болуп жатканын нефть-газ тармагы боюнча эксперт Ерлан Жаукин дагы тастыктады. Анын маалыматына ылайык, аймактарда дизелдин запасынын көлөмү азайып бара жатат. Заводдор суткасына 15-16 тонна дизель жүктөп жөнөтүп жатышат, ошол эле учурда түшүм жыйноо мезгилинде мындай көрсөткүч 17-18 тоннага жете турганын эске алуу керек.
Өндүрүш дизелди жөн эле "куюп" албайт жана аны өндүрүүгө жетишпей жатат. Мындан тышкары Павлодар мунай-химиялык заводун оңдоп-түзөөнү кийинки жылдын жаз мезгилине чейин жылдыруунун мүмкүн эместиги дагы абалды курчутууда.
Күйүүчү майдын жетишсиз болуп жаткан көлөмүн Орусиядан алып келүүгө туура келет. Казакстан Республикасынын батыш облустарындагы көйгөйдү чечүү үчүн - ЭКО жана Актөбөдө - Орск мунайды кайра иштетүү заводунан дизелди алып келүү иштери кайра жанданды. Азырынча орусиялык завод сентябрь айынын башында түзүлгөн келишимдин негизинде сентябрдагы баа менен анча көп эмес көлөмдө күйүүчү майды жөнөтүп жатат. Ушул тапта "тапанчада" көрсөтүлгөн чектөөлөрдү алып салуу маселелерин чечүү талкууланып жатат, мындай жагдай Орусиянын күйүүчү майларын сатууга пайдалуу жагдай болуп саналат. Бирок Казакстандагы тартыштыктын фонунда орусиялык өндүрүшчүлөр бааларды кымбаттатып жибериши дагы мүмкүн экенин унутпоо зарыл. Ошол эле учурда дизелди Казакстан Республикасынын аймагынан сыртка чыгарбоону дагы жарым жылга узартуу маселеси да талкууланды.
Алматыдагы айрым май куюучу жайларда ушул тапта дизелдин (дизель бар жерлерде) бир литри 245 теңгеден сатылып жатканын айта кетүү зарыл.