Көтөрүп бара жаткан баласын жерге ыргытып салган видео. Чүй ОИИББи энени тапты

Буга чейин социалдык тармактарда аял кишинин көтөрүп бара жаткан баланы жерге ыргытып жиберген видеосу тараган. Анда ал баланы жерге ыргытып, кайра колуна алып көтөрүп андан ары жолун улаганы видеого түшүп калган.

Бүгүн, 7-октябрда Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы маалымат таратты. Анда бул окуя Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, териштирүү башталганы жазылат.

"Окуя 5-октябрь күнү Кара-Балта шаарында болгон. Ал 31 жаштагы Н.Г. аттуу аял болгон. Анын жашы жете элек 4 баласы бар. Аялдын айтымында бул көрүнүш алар кечке маал сейилдөөгө чыкканда орун алган. Учурда балага соттук-медициналык экспертиза дайындалып, ошонун жыйынтыгы менен процессуалдык чечим чыгарылат", - деп жазылат маалыматта.

Көтөрүп бара жаткан баласын жерге ыргытып салган видео
“Дарыгердин тастыкмасы жок эле жиндиканага алып барабыз дешти” деген жаран кайрылды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Antiradikal3
2021-10-07 10:55:25
Нерв тугонуп калган го........
+9
amirrus
2021-10-07 12:37:58
Колун сынгыр шуркуя
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан