"Нарындын этин жеп жатышып дүйнөгө өздөрүн көрсөтүштү". Депутат Ослодо жеңишке жеткен спортчуларга ыраазычылык билдирүүгө чакырды

Депутат Камчыбек Жолдошбаев бүгүн, 7-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында Бишкектеги спорт интернатын оңдоону сунуш кылып, Осло шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугунда медаль тагынган спортчуларга ыраазычылык билдирүүгө чакырды.

"Көңүлүңөрдү спортчуларга бурайын дедим эле. Кыргыз эли болуп көрбөгөндөй жакшы ийгиликтерге жетип жатат. Автобекеттин жанында чоң интернат бар. Интернатта орун балдарга жетпейт. Ушуну бир жасап, кичирээк зал салып берсе болот.

Кыргыз эли кечээ Норвегияда алтын, күмүш, коло медаль алышты. Мунун баарына рахмат деп коюш керек. Кыргыз элин куттуктайм жана үчөө тең нарындык экен. Нарындын этин жеп жатып дүйнөгө өзүн көргөзүштү", - деген депутат.

"Нарындын этин жеп атышып дүйнөгө өздөрүн көрсөтүштү". Депутат Ослодо ийгилик жараткан спортчулар тууралуу айтты
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (20)
Dalil
2021-10-07 19:05:33
Кепканы эми ойдо которуп басып калыптырда
+11
KaGaH
2021-10-07 19:46:30
Эми уялбай калыптыр )))
+8
Sambet08
2021-10-07 19:47:24
Сен озун деле сыйлык берип койсон болот кудайга шугур эле кудуретин жетет
+12
mariolan
2021-10-07 19:53:03
кой э Нарынды уят кылбай ишинди кыл
+7
ulaAjidar
2021-10-07 20:23:32
Коп былжырабай, контейнерини алчы....элге зыянын тийгенден башка эчнерсе жок
+7
nazira...
2021-10-07 20:24:54
Эй нарындын чимкириги, антип болүнбө башка чимкириктер көптөп чимкиригиңди башка жагыңан чыгара коюшпасын.
+6
Ozgocho111
2021-10-07 20:28:28
Эл окулу болгуча суйлоо маданиятын оздоштурбоптур да, уятсыз...
+12
bond02
2021-10-07 21:00:54
Боло турган адам окорочка жеп деле боло берет, а сендейлер улардын этин жесе деле эч нерсеге жарабайт.
+12
al-abu-kinesz
2021-10-07 21:19:35
Бул уялчаак эле го деп журсом корсо трайбализмдин жыты да бар турбайбы
+11
Ak_Bulut
2021-10-07 22:08:06
Уялчаактын балы пандемияга, эти спортко даары.))
+3
Federik
2021-10-07 22:14:34
Нарындын этин сен коп жеп,мээнди май басып калыптыр.
+2
Bikosh2015
2021-10-07 22:53:27
Мен да нарындыкмын го. Туулгандан бери чучук, эт жеп келем. Бирок сага окшоп результат жок, колубуздан бок да келбей келет
+4
JaneEr
2021-10-07 23:18:51
Нарындык,Оштук ,Тундук,Туштук...Башталды дагы.Депутаттар ошентип отурса...Какая разница кайсы жердик ыя?Кыпчылбай отура бер нары.
+7
TIMON_BERKOWITZ
2021-10-08 04:58:22
ГКНБ, огонь!
+3
Dembele84
2021-10-08 05:32:10
Ушул кок мээ жоголуп кетпеди.Качан корбо жаш баланын созун суйлоп журот.Кийинки шайлоодо ушул манкуртту шайлабай эле койгула.Дагы келип алып бок сакты суйлоп журбосун
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан