Кыргыз өлкөсүндө үйдү жылуулоочу кустардык көбүк өндүрүп, аны Германияныкы деп сатышабы?

SUPER.KG порталына Американын "Huntsman" (Хантсман) корпорациясынын Кыргыз өлкөсүндөгү өнөктөшү, NTEK компаниясынын директору Нурдин Шакиров кайрылды. Ал өзүнүн атаандашы болгон "Риман Компани" мыйзамсыз, тастыкталбаган товар өндүрүүдө деп шектенет.

Шакиров бул иш боюнча Башкы прокуратурага кайрылган. Учурда бул ишти салык кызматкерлери карап, алар текшерүүгө алып жатышканын айтат.

Нурдин Шакировдун компаниясы имараттардын ичи-сыртын, турак үйлөрдү жылуулоо үчүн колдонулган пенополиуретан көбүгүн (немец көбүктөрүн) жасайт.

олиуретан көбүктөрү техникалык жактан өтө оор шартта жасалат. Көбүк өндүрүш технологиясын так сактоо менен атайын жабдуулардын, химиялык заттардын жана жогорку квалификациялуу адистердин эмгеги менен заводдо гана жасалат.

Бирок жакында эле "Риман Компани" кардарларды алдап, башын айланта баштады. Алар көбүктү колго жасап, аны кардарларга Германияныкы деп сатышууда. Азыр алар бир канча үйдү жылуулап берип, өз жумуштарын аткарып жатышат. Бирок технологиялык процесстин бузулушу жана сапатсыз ингредиенттердин колдонулушу сөзсүз түрдө кардарлар алып жаткан пенополиуретан көбүгүнүн начар сапаты адамдардын ден соолугуна зыян болбойбу деп эч ким кепилдик бере албайт.

Мен бул компанияны көпкө изилдедим. Натыйжада "Евро Биримдиктин аймагындагы компаниялардын тизмесинде "Риман Компанинин" лидери болду делген "Riberg Bauchemie" компаниясы жок болуп чыккан. Буга Евро Биримдиктин электрондук маалыматтык базасынан алынган маалымат далил боло алат. "Riberg Bauchemie" боюнча Германияда жашаган досума кайрылып, ушул заводду таап берүүнү өтүндүм. Бирок сайтта жана документтеги жазылган дарекке барганда ал жер азык-түлүк саткан дүкөнү болуп чыкты", - деди Шакиров.

"Риман" компаниясы мурда Huntsman'дан товарларды алып турган, бирок акыркы алты айдан бери ал жерден полиуретан көбүктөрүн сатып албай калган. Бирок кардарларына Huntsman'дын сертификаттарын көрсөтүүдө. Ал эми компания ушул жылдын 25-августунда Риман компаниясына товар сатуудан баш тарткан. Себеби алар репутациясын түшүрүп алуудан коркушкан. Анткени алардын сертификаттарын көрсөтүп жатышат деген билдирүүлөр келип түшкөн.

"Биз издеп жатып "Риман Компани" пенополиуретан көбүгүн кайда жасаганын таптык. Алар Бишкектеги Маевка айылында ангарда эле жасашат экен. Булар көк түстөгү челектерди алганга чейин Huntsman компаниясынын бир жыл мурун сатыкка чыгарбай калган ак, сары челектерине жасалма көбүктөрдү салып чыгарып турушкан", - деди Шакиров.

Ошондой эле бул компания Казакстан, Орусияда дагы ачылган. Ал эми алардын башкы расмий дистрибьютору Антон Рипп.

Ал эми биз "Риман" компаниянын жетекчиси Антон Риппге байланышка чыгып, анын дагы оюн уктук.

"Азыр биз аларга жооп даярдап жатабыз. Биз эки жыл мурун Германиялык компания менен келишим түзгөнбүз. Аларга биздин ишмердүүлүк абдан жаккан. Өнөктөштөрүбүздүн жардамы менен биз чоң контейнерлердеги даяр концентраттарды ала баштадык жана аларды өзүбүзгө ыңгайлуу контейнерлерге, тактап айтканда 200 литрлик челектерге куюп сата баштадык. Riberg Bauchemie бул жөн гана соода бренди. Ал эми юридикалык компания башка.

Эми булардын кайрылуусу атаандаштык согуш деп да атасак болот. Себеби алар өнүкпөй, биз өнүгүп жатканыбыз себеп болуп жаткандыр.

Биз пенополиуретан көбүгүнүн сапатына жооп беребиз. Биз жакшы сапаттагы концентраттарды алып, челектерге куябыз. Кардарлар материалдын сапатына нааразы болуша элек, тескерисинче, жакшырды деп айтышууда", - деди Рипп.

Бул ишти алдыда Башкы прокуратура иликтеп, кимдики туура же туура эмес экенин аныктамакчы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
bond02
2021-10-09 12:01:15
Короалбастык болуп жаткан го, кардар озу жактырганын капчыгына туура келгенин ала берет да.
+2
TIMON_BERKOWITZ
2021-10-09 13:02:53
Клиентим башка менен иштешип кетти, кайтарып бергиле дегендей элего))
+2
Antiradikal3
2021-10-09 17:10:19
Бул шылуундук. Маевкадан ондуруп, Германиянын товары деп элди алдап келгени учун жоопко тартылуусу керек.

Экинчиден товар Кыргызстанда ондурулуп жатса, текшерилип, сертификатты биздин текшерген бийлик бериши керек. Каяктагы башка компаниянын сертификатын корсотпой.

Товар Hutsman компаниясынын эмес, Маевкадагы ангарда ондурулуп жаткандан кийин, ал компаниянын атын сатып товарын элге сатып келгени озу шылуундук, мыйзамга каршы .
+4
Sajakat14
2021-10-10 12:29:56
Antiradikal3,ооба. Башка фирманын сертификаты менен эмнеге сатат. Мыйзамсыздык.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан