Бишкектеги таштанды полигонун жөнгө салуу үчүн Европа өнүктүрүү банкынан 22 миллион евро бөлүнгөн. Бул тууралуу шаар мэри Айбек Жунушалииев маалымат жыйында айтты.
Анын айтымына ылайык, 22 миллион евронун 10 жарым миллион евросу сарпталган.
"Европа өнүктүрүү банкынан 22 миллион евро бөлүнгөн. Анын 10 жарым миллион евросу сарпталган. Өзүңүздөр көргөндөй, ал жакта көзгө көрүнөрлүк эч кандай өзгөрүү болгон эмес. Биз тендер өткөрүүнү, анын мыйзамдуулугу боюнча суроолорду көтөрдүк. Тендерди эстониялык компания утуп алган. Сайттан караганыбызда алар таштанды менен иштегенин көрө алган жокпуз. Ошого карабай тендерди утуп алышкан. Биз эстониялык компанияга так милдеттерин аткаруу үчүн билдирме жөнөттүк.
Бул жерде көптөгөн суроолор бар.
Бишкек мэриясы тийиштүү иштердердин аткарылышын ал компаниядан талап кылат", - деди Жунушалиев.
Маалымат үчүн:
Жаңы таштанды таштоочу полигонду куруу келишимине "Бишкек санитардык полигон" муниципалдык ишканасы менен эстониялык Ehitusfirma Rand Ja Tuulberg AS компаниясы 2017-жылы 28-мартта кол койгон. Ал эми келишимдин баасы 7 жарым миллион еврону түзгөн.
Белгилей кетсек, 2015-жылы "Европалык реконструкция жана өнүктүрүү банкы" тарабынан таштанды полигонуна 22 миллион евро бөлүнгөн, анын 11 миллион евросу грант, калганы насыя түрүндө келген.
Бишкек шаарындагы таштанды полигону 1970-жылдары эле пайда болгон.