SUPER.KG порталындагы жана SUPER.KG-YouTube каналындагы "Эркекче!" ток-шоу берүүсүнүн бул чыгарылышында адамдын уруксаты жок анын "мейкиндигине" кирүү – харассмент темасы талкууланды. Гендердик эксперттин айтымында, Кыргыз өлкөсүндөгү ар бир төртүнчү кыз-келин мындай абалга кабылат. Секелек кыздарга ыдык көрсөтүү же көчөдө бара жаткан кызды жамбашка чаап өтүү, интернет аркылуу тийишүү эркекчеби?
Жогоруда жазылган теманын алкагында жүргөн кызуу талкууну видеодон толук көрсөңүз болот. Ошондой эле бул боюнча сизде жаралган пикирди комментрайге калтырыңыз.
Буга чейин "Эркекче!" ток-шоу берүүсүндө "Ала качып үйлөнүү - бул эркекчеби?" деген тема талкууланган. Ал эми мырзалардын саламаттыгы тууралуу айтылган чыгарылышты бул шилтемени басып көрсөңүз болот.