20-октябрь агроөнөр жай комплексинин кызматкерлеринин күнү катары жарыяланды

20-октябрь Кыргыз Республикасынын агроөнөр жай комплексинин кызматкерлеринин күнү, жыл сайын белгиленүүчү кесиптик майрамы катары жарыяланды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Тийиштүү чечимге министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов кол койгон.

Аталган чечим Кыргыз Республикасынын агроөнөр жай комплексинин кызматкерлеринин азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуудагы маанилүү ролун эске алуу менен кабыл алынган.

Белгилей кетсек, буга чейин Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жай кызматкерлеринин күнү – кесиптик майрамы жыл сайын 15-ноябрда белгиленип келген.

Майрам күнүн 15-ноябрдан 20-октябрга которуу өлкөнүн түштүк аймагында (пахта териминен тышкары) жана Талас, Чүй облустарында (кант кызылчасынан тышкары) жыйым-терим кампаниясы жана күзгү-талаа иштери 1-октябрга чейин, ал эми Ысык-Көл жана Нарын облустарында 1-ноябрга чейин дээрлик жыйынтыкталарына байланыштуу.

Мындан тышкары, октябрь айы төмөн баадагы айыл чарба продукциясын сунуштоочу жарманкелерди, ошондой эле айыл чарба продукциясын өндүрүүчүлөр үчүн заманбап айыл чарба техникасын жана жаңы технологиялар көргөзмөлөрүн уюштуруу үчүн жагымдуу жана ыңгайлуу мезгил болуп саналат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан