Нарын облусуна караштуу Жумгал районунун 54 жаштагы тургуну өзүнүн 13 жаштагы кызын зордуктап жүргөнү аныкталды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Нарын облустук ички иштер башкармалыгы кабарлады.
"Жумгал РИИБи Жумгал районунун тургуну 1967-жылы туулган С.Т. узак убакыттан бери өзүнүн 2008-жылы туулган кызы Т.Рны мажбурлап жыныстык катнашта болуп жүргөндүгү боюнча маалымат алган.
Аталган факт 21-сентябрь күнү Жумгал РИИБинин электрондук каттоосуна алынып, текшерүүнүн жүрүшүндө С.Т 2010-жылы 1967-жылы туулган өзүнүн аялы Ш.Э.ни өлтүргөндүгү боюнча сот жообуна тартылып, 2018-жылы жазасын өтөп чыккан.
Сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында шектүү С.Т. суракка алынып, көрсөтмөгө ылайык, ал кызы менен 2021-жылдын июль айында 1 жолу жыныстык катнашта болгондугун, буга чейин сексуалдык мүнөздөгү ыплас аракеттерин жасагандыгын көрсөткөн", - деп билдиришти облустук милициядан.
Ал эми өспүрүм кыздын атасы менен 2 жылдан бери жыныстык катнашта болуп келгендигин билдирген.
Азыркы учурда шектүү Жумгал райондук сотунун токтому менен эки айга, тактап айтканда 21-ноябрга чейин камакка алуу бөгөт коюу чарасы тандалган.
Бүгүнкү күндө тергөө иштери уланууда.