Биз социалдык тармакта

Бишкек: 10-октябрдан тарта №7 жана №8 троллейбустар мурдагы схема боюнча каттап баштайт

Бишкекте 10-октябрдан тарта №7 жана №8 троллейбустук каттамдар мурдагы схема боюнча каттап баштайт. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, буга чейин Өмүракунов көчөсүнүн Т.Фрунзеден Ашарга чейинки оңдоо иштерине байланыштуу эки троллейбустун каттамынын кыймылы убактылуу өзгөртүлгөн.

Ал эми 10-октябрдан баштап №7 троллейбус маршруту мурда түзүлгөн график боюнча Туңгуч кичи районунан Ак-Өргө конушуна чейин (17 троллейбус линияда 8-10 мүнөттүк аралыкта жүрөт), №8 троллейбустук каттам Чыгыш автобекетинен Ак-Өргө конушуна чейин каттайт (13 троллейбус 9-10 мүнөт аралык менен линияга кирет).

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан