Бүгүн, 9-октябрда президент Садыр Жапаров Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда элдик баатыр Бирназар бийдин 300 жылдыгына арналган салтанатка катышты. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.
"Мамлекет башчысы салтанатты ачып жатып, Бирназар бийдин кыргыз жерлерин сактап калууга, сырткы баскынчылардын мизин кайтарууга жана кыргыз урууларынын чек араларын аныктоого кошкон чоң саясий, аскердик жана дипломатиялык салымын белгиледи. Садыр Жапаров Бирназар бийдин эстелигине гүл коюп, Куран окулду. Ошондой эле президентке Бирназар бийдин ата-бабалары, урпактары жана анын санжыра дарагы тууралуу архивдик материалдар көрсөтүлдү", - деп айтылат маалыматта.
Мындан тышкары эстеликтин ачылыш аземинде бүркүт салуу, тайган жарыш жана башка түрдүү этно-оюндар көрсөтүлүп, иш-чара этномузыка жана атчан каскадёрлордун трюктары менен коштолду.