Бүгүн, 9-октябрда Норвегиянын борбору Осло шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугунун финалдык беттештери Бишкек убактысы боюнча саат 22:00дө старт алды.
Дүйнө чемпиондугунда күрөштүн грек-рим түрү боюнча 60 килограмм салмакта финалга чыккан кыргыз балбаны Жоламан Шаршенбеков финалда молдовалык Виктор Чобану менен кез келип, 9:3 эсебинде жеңилүү ызасын тартып калды.
Муну менен кыргыз балбаны Дүйнө чемпиондугунда күмүш байгеге ээ болду. Бул Ослодо өтүп жаткан Дүйнө чемпиондугунда грек-рим күрөшүнөн алгачкы медаль болду.
Жоламан Шаршенбеков "Токио-2020" жайкы Олимпиада оюндарында дал ушул балбанга чейрек финалда жеңилип калган.